ЖҮРГӨН ЖЕРИНЕ ЧӨП ЧЫКПОО Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Жөн жүрө албай дайыма бузукулук, терс иштерди жасоо, бүлүнтүп жиберүү. Андай митаамдардын жүргөн жерине чөп чыкпайт («Ала-Тоо»),
ЖҮРГӨН ЖЕРИНЕ ЧӨП ЧЫКПОО Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Дайыма бузукулук иш жасап, ушак-айың кеп чыгарып ырк бузуу, бирин-бирине чабыштырып чыр чыгаруу, жөн, тынч жүрө албай шумпайлануу. Андай митаамдардын жүргөн жерине чөп чыкпайт («Ала-Тоо»).